Ссылки доступа

Москвада ИМди каржылаган деген айып менен студент кыз соттолууда


Москва аскер сотунда 24 жаштагы Астрахан медициналык академиясынын студенти Саида Халикованын үстүнөн териштирүүлөр башталды.

Ага Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук тобуна каржылык жактан жардам берген деген күнөө коюлууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал аталган экстремисттик уюмга тиешелүү фондго 43 миң рубл которгон. Бирок, жактоочу тарап студент акчаны самын сатуудан тапканын, таанышы Дарья Ицанковага ишенип банктык эсепке которуп койгонун жана анын кайда жиберилгенин билген эместигин айтууда. Адвокат Сабир Агаев тергөөчүнү Халикованы алдап, күнөөсүн моюнуна алдырган деп айыптады.

Саида Халикованын энеси болсо кызынын күнөөсүз экенин белгилеп, акыйкат чечим чыгаруу суранычы менен президент Владимир Путинге кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG