Ссылки доступа

Орусия аркылуу Түркиядан жүк ташыган казак ишкерлери чыгымды эсептөөдө


Казакстандын Эл аралык жүк ташуучулар бирлигинин маалыматы боюнча, Түркиядан жүк тарткан унаалар орус чек арасында бир айдан бери турат. Бийлик орус-түрк мамилесине байланыштуу мындай абал кайталанбай турганына кепилдик бере албай турганын моюнга алды.

Түркиядан келе жаткан 70ке жакын казакстандык жүк ташуучу автоунаалар уруксат кагазын ала албай 24-ноябрдан тарта Орусия менен чектешкен жерде турат. Казак ишкерлери мындан олуттуу чыгымга учурап жатканын айтышууда.

Мындай кырдаал Орусия Түркияга карата санкцияларды киргизгенден кийин түзүлдү. Түркия 24-ноябрда аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкө алакасы кескин курчуп кеткен. Тараптар ошондон бери бири-бирин айыптап келет. Москва бул окуядан соң Түркияга карата бир канча санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG