Ссылки доступа

Укук коргоочулар президентке кайрылды


“Кылым шамы” укук коргоо борбору менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы журналист Дайыр Орунбеков жана талдоочу Уран Ботобековдун үстүнөн жүргөн соттук териштирүүгө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Укук коргоочулар муну бийликтин сот аркылуу куугунтуктоосу деп эсептейт. Буга байланыштуу эки уюм Жогорку Кеңештин депутаттарына, парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер, Регламент комитеттерине жана президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

“Маалымат.кж” сайтынын жетекчиси, журналист Дайырбек Орунбеков сот тарабынан Атамбаевди каралап жазды деп табылып, 2 миллион сомго айыпка жыгылган. 24-декабрда жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев журналист Ош окуясы боюнча калпты жазды деп, эч качан кечирбей турганын айткан болчу.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары, учурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1,8 млн. сом айыпка жыккан. Буга Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу Кабар ордо сайтына берген маеги негиз болгон. Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп белгилеген.

“Бул процесстер президент Алмазбек Атамбаев башында турган бийлик көз карандысыз басылмаларга сот аркылуу, ири суммада айып салуу менен кысым жасап жатканын көрсөтөт”, - деп жазылат “Кылым шамы” укук коргоо борбору менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тараткан кайрылууда.

Ошондой эле аталган уюмдар райсмий бийликти адамдын эркин оюн билдирүү укуктарын сактоого жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG