Ссылки доступа

Талиптер “таасирлүү орус аткаминери” менен жолугушканы кабарланууда


Ооганстандагы атын атагысы келбеген булактар "Талибан" кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Мансур Мулла орус аткаминери менен кездешкенин “Азаттык” үналгысына маалымдашты.

Бирок орусиялык аткаминердин аты-жөнү так айтылган жок. Британиялык The Sunday Times басылмасы 27-декабрда Орусия президенти Владимир Путин “Талибан” кыймылынын башчысы Мулла Ахтар Мансур менен жашыруун жолугушканын жазып чыккан.

Андагы кабарларга таянсак, Путин менен Мансур козголоңчуларды колдоо маселесин талкуулаган болушу ыктымал. Жолугушуу сентябр айында Тажикстандагы аскер базанын аймагында болгону да кабарланды. Расмий түрдө Кремл менен “Талибан” бул маалыматты четке кагып келет. Анткен менен Путиндин 15-16-сентябрда Тажикстанга барганы белгилүү.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов 28-декабрда талиптердин арасында Орусия менен сүйлөшүүнү көздөгөн топ бар экенин жарыялады. Буга чейин ооган талиптери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Орусия менен ымала түзүү тууралуу кабарды төгүндөгөн. Мурдараак Орусия Тышкы иштер министрлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Ооганстандагы талиптердин кызыкчылыктары Москваныкы менен дал келет деп билдиргенин “Интерфакс” басып чыккан эле. Ал кабарда Орусиянын Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов бул жаатта талиптер менен маалымат алмашуу болгонун белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG