Ссылки доступа

Тажикстанда кыздык белгини калыбына келтирүү үчүн акча алган дарыгер камалды


Тажикстандын милициясы Исфара тургунунан кыздык белгисин калыбына келтирүү үчүн 450 доллар алган дарыгерди кармады.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлагандай, аялдарга кеңеш берүү борборунун кызматкери өткөн жумада 20 жаштагы кыздан 3 миң сомони алып жаткан кезинде колго түшкөн. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Тажик коомчулугунда кыздын таза экенине өзгөчө көңүл бөлүнөт. Расмий маалыматтарга ылайык, 2014-жылы соттук-медициналык экспертиза борборуна Дүйшөмбүдөн жана башка аймактардан кыздыкты текшерүү боюнча 600 кайрылуу келген.

XS
SM
MD
LG