Ссылки доступа

Өзбекстанда КМШдагы эң чон абактын курулушу убактылуу токтоду


Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары буга акчанын тартыштыгы себеп экенин жазып чыгышты.

Бул түрмө Ташкен облусунун Заңгы-Ата районунда курула баштаган эле. Тогуз бөлүмдөн турган имарат эл аралык талаптар менен салынган КМШдагы эң чөн абактардын бири болуп калары күтүлгөн.

Быйыл июлда БУУнун Өзбекстандагы адам укуктарына арналган жыйынында өзбек делегациясынын өкүлдөрү эл аралык талаптарга ылайыкташкан жаңы убактылуу жай салынарын жарыялашкан.

Ал кезде өлкөнүн Жаза аткаруу башкармалыгынын өкүлү аталган жай камералар менен толук камсыздаларын, ал аркылуу абакты бардык тараптан байкап турууга мүмкүндүк түзүлөрүн билдирген.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул жерге «Сангород» деген аталыш менен белгилүү болгон №18 колония жана “Таш түрмө” деп аталган №1 убактылуу кармоочу жайды көчүрүү максат кылынып жатканын Ташкендеги абактардын биринде дарыгер болуп иштеген айымга таянуу менен кабарлады.

Өзбекстанда жалпысынан 52 абак бар. Камакта отургандар үчүн “Таш түрмө” шарты катаал деп саналат. Zona.uz сайты жазып чыккандай, анын жогорку кабаттарында абдан жарык камералар жайгашкан. Түрмөдө отургандар таза абанын жоктугунан жана күндүн ысыктыгынан азап чегип келери айтылып жүрөт. Өзбекстандын түрмөлөрүндө канча адам отурганы тууралуу так маалымат жок.

2013-жылы Өзбекстандын Жогорку Сотунун мурдагы жетекчиси Буритош Мустафаев ар бир 100 миң калкка 166 камактагы адам туура келерин билдирген.

XS
SM
MD
LG