Ссылки доступа

АКШ Сириядагы курмандыктар тууралуу маалыматты “жоболоңдуу” деп атады


Америка Кошмо Штаттары Орусия Сирияда аба соккуларын ура баштаган 30-сентябрдан бери карапайым калк арасында курмандыктардын өсүп жатышын “жоболоңдуу окуя” деп атады.

Мамлекеттик катчы Жон Керри бул маселени Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда көтөргөнүн Мамлекеттик департамент шейшемби күнү билдирди.

Департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер кабарлагандай, өкмөттүк эмес уюмдар даярдаган баяндамада Орусия урган соккулардан жүздөгөн жайкын тургундар, арасында куткаруу кызматында иштегендер да мерт болгону, медициналык мекемелер, мектептер жана базарлар бутага алынганы белгиленген.

-Биз баяндамага көз чаптырып, карапайым эл арасында каза тапкандар саны кескин өскөнүн байкадык, - деди Тонер.

Орусия бул маалыматтарды төгүнгө чыгарууда. Жекшемби күнү Аба күчтөрүнүн башкы командачысы Виктор Бондарев мектептерге, ооруканаларга жана эл топтолгон башка жерлерге бир да сокку урулбаганын айткан.

Жакында эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму баяндама жасап, Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттери башталгандан бери кеминде 200 жакын тургун каза таап, болгону ондогон согушкерлер өлтүрүлгөнүн айткан. Андан мурун ушундай эле маалыматты Human Rights Watch уюму да билдирген эле.

Видео

XS
SM
MD
LG