Сынакты Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы “БизЭксперт” аналитикалык борборунун жардамында “Экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү” программасынын алкагында уюштурган.
Эгизбаев “ТВдагы эң мыкты материал” багытында, ал эми “Слово Кыргызстана” интернет басылмасынын журналисти Галина Лунева басма сөздөгү макалалар боюнча биринчи орунга татыктуу деп табылды. Сыйлоо аземи 29-декабрда Бишкектеги “Хаятт” мейманканасында өттү.
Уюштуруучулар журналисттер кеспикөйлүктүн бийик даражасын көрсөткүнүн белгилеп, жеңүүчүлөргө ультрабук тапшырышты.
Эске салсак, бул сынак 2016-жылдын март айына чейин ай сайын өткөрүлөт.