Ссылки доступа

 Быйыл 69 журналист иш учурунда ажалга кабылды


Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык "Чек арасыз репортерлор" уюму 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган иликтөөсүн жарыялады.

Анда быйыл өз милдетин аткарып жүргөн учурда өлтүрүлгөн журналисттер 67ге жеткени айтылат. Алардын көпчүлүгү салыштырмалуу тынч өлкөлөрдө өз милдетин аткарып жүргөн учурда алдын-ала мерчемделген чабуулдардын курмандыгы болгон. Аталган уюм дагы 43 журналист кандай жагдайда өлүмгө кабылганы азырынча белгисиз болуп жатканын, андыктан быйыл милдетин аткарып жүргөн учурда ажал тапкан журналисттердин саны дагы өсүшү ыктымалдыгын белгилейт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" деп аталган дагы бир уюм быйыл 69 журналист иш учурунда өлүмгө кабылганын билдирди. Уюмдун баяндамасында 29 журналист "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Алардын сегизи Мухаммед пайгамбардын каррикатурасын жарыялап жүргөн Париждеги Charlie Hebdo сатиралык журналынын кеңсесине согушкерлер январь айында жасаган чабуулда мерт болгон.

XS
SM
MD
LG