Ссылки доступа

Казакстанда оппозициялык журналист күрөөгө бошотулган жок


Алматанын Алмалуу районунун прокуратурасы Nakanune.kz оппозициялык сайтынын негиздөөчүсү, журналист Гүзел Байдалинованын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршы чыкты.

Алмата шаардык соту буга чейин камактагы журналистти күрөөгө бошотууга макул болгон эле.

Прокуратуранын каршылыгынын көчүрмөсү бүгүн адвокат Инесса Кисилевага берилди. Байдалинова азыр Алматанын тергөө абагында отурат. Ал өткөн ишембиде эки айга камакка алынып, кийинчерээк сот прокуратура каршылык көрсөтпөсө, журналистти күрөөгө бошотуу чечимин чыгарган.

Гүзел Байдалинова буйрутма менен жалган маалымат жазган деген айыптын негизинде 23-декабрда кармалган. "Накануне" интернет булагы Казкомерцбанк жана башка адамдардын ишмердиги жөнүндө билип туруп, туура эмес макала жарыялаган деген күнөөнүн алкагында соттук териштирүү уланууда.

XS
SM
MD
LG