Ссылки доступа

2016-жылы Байкоңурдан 20га жакын ракета учурулат


«Интерфакс–Казакстан» булагы кабарлагандай, кийинки жылдагы план боюнча, “Союз” ракетасы 10 ирет, “Протон” 8 жолу кое берилмекчи.

Алардын үчөө Эл аралык космос станциясына жүк жеткирүү милдетин аткарат. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу аз. Анткени акыркы он жылда Байкоңурдан жыл сайын 30дай ракетаны учуруу максат кылынып, бирок анын 20-25и гана ишке ашкан.

Ал эми 1957-жылдан тартып орусиялык оор типтеги “Протон-М” ракетасын кошкондо, бул космодромдон 1450 учуруу жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG