Ссылки доступа

“Казакстан сулуусу” Назарбаевди бийге чакырды


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы «Думан» эс алуучу жайында өткөн жаңы жылдык кайрымдуулук кечесине катышты.

Бул тууралуу Ак-Ордонун басма сөз кызматы маалымдады. Президент сөз сүйлөп жатып 2016-жылы Казакстандын эгемендик алгандыгынын 25 жылдык мааракеси белгилене турганын эске салды.

“Улуу майрамды татыктуу тосуу үчүн бүт өлкө биримдикте иштеши керек. Эгемендүүлүккө жеткен жылдарда биз башка мамлекетти курдук. Мындай жыйынтык бардык казакстандыктардын аракети менен келди. Мен көп улуттуу жана көп диндүү элибизге терең ыраазычылык билдиргим келет”, - деди Назарбаев.

Президент калкты Жаңы жыл менен куттуктап, мамлекетке бакубатчылык, тынчтык жана ар бир үйгө ынтымак каалады.

Кечеде «Казакстан сулуусу-2015» Алия Мергембаева Нурсултан Назарбаевди бийге чакырды.

Иш-чарадан түшкөн каражат “Кайрымдуулук” фондуна которулат.

XS
SM
MD
LG