Ссылки доступа

Орусияда рубль дагы арзандады


Орусияда 30-декабрда рублдун наркы дагы ылдыйлап, бир жыл аралыгындагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү.

Азыр АКШ долларынын баасы 73 рубль 20 тыйынга барабар болууда. Былтыр орус акчасы 40 пайыз, быйыл дагы 20 пайызга төмөндөдү. Өлкөнүн экономикасы Батыш жарыялаган санкциялар жана мунай баасынын арзандашынан жапа чегүүдө. АКШ, Европа биримдиги жана башка мамлекеттер Украинанын чыгышындагы кырдаал жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу Москвага байма-бай санкция киргизип келет.

Орусиянын Экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев өкмөт улуттук валютанын олку-солку абалына кабатыр экенин, бул көрүнүш бюджетти алдын ала бекитүү максатына кедерги болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG