Ссылки доступа

Тажикстан тыюу салынган партия жетекчисин чакырган Иранга нааразы


Президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун башчысынын биринчи орун басары Сайфулло Сафаров Ирандын рухий лидери, аятолла Али Хаменеинин Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиянын башчысы Мухиддин Кабири менен жолугушуусун сынга алды.

«Иран бир жолду тандап алууга тийиш. Террорчулар менен кызматташабы же Тажикстан мененби?”, - деп суроо салды ал. Тажик бийлиги Мухиддин Кабири Тегеранга чакырылып, исламдагы биримдик конференциясына катышканына нааразы болууда. Анда Ирандын президенти Хасан Роухани да чыгып сүйлөгөн.

Тажик тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кабириге «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгени» үчүн кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган. «Ислам кайра жаралуу» партиясын быйыл сентябрдын соңунда Тажикстандын Жогорку соту «террористтик жана экстремисттик уюм» деп тапкандан бир ай мурда эле анын ишине тыюу салынып, жетекчилигинен 20дай киши камакка алынган. Тажик өкмөтү бул партияны 4-сентябрда Дүйшөмбүдө полиция бекеттерине жасалган кол салуулар үчүн да айыптаган. Анда 26 кишинин өмүрү кыйылган эле. 29-декабрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кабири чакырылгандыгы үчүн Иран элчисине нота тапшырган.

XS
SM
MD
LG