Ссылки доступа

Орусия түрк компанияларына курулуш жана туризм менен алектенүүгө тыюу салды


Орус өкмөтү 2016-жылдын 1-январынан тартып түркиялык компанияларга уруксат берилбей турган ишкердиктин тизмесин бекитти.

Ага ылайык, түрктөргө курулуш, архитектура, инженердик-техникалык долбоорлоо, мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо, жыгачты кайра иштетүү жана туризм тармактарында иш жүргүзүүгө чек коюлду. Ошол эле маалда бул чечим быйылкы жылдын 30-декабрына чейин келишим түзүлгөн Түркиянын ишканаларына тиешеси жок.

Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Эки өлкөнүн мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп кетти. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. Москва муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG