Ссылки доступа

Москва полициясы тажик мигранттын баласын кайтарды


Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө полиция тажикстандык мигрант аялдын баласын тартып алган эле. Кечээ аны кайра энесине берди.

Өспүрүм Насимжан Рахмоновдун кармалганын Качкындарды адаптациялоо борборунун жетекчиси Ольга Николаенко кабарлап, Орусиядагы Тажикстандын элчилигине кайрылган.

Натыйжада элчилик менен балдар Акыйкатчысы Павел Астаховдун кийлигишүүсү менен маселе чечилди.

Быйыл октябрда Петербургда полиция кызматкерлери тажик мигранттардын 5 айлык баласын тартып алган эле. Умарали Назаров ооруканада табышмактуу жагдайда чарчап калган.

XS
SM
MD
LG