Ссылки доступа

Орусия: чиновниктин үй-бүлөсүнө бизнес жасоого тыюу салуу сунушталды


Мамлекеттик Думанын конституциялык комитетинин төрагасы, Коммунисттер фракциясынан депутат Вадим Соловьев жогорку кызматтагы адамдардын аялына жана балдарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салган мыйзамды даярдоодо.

Мыйзам министр, губернатор жана аймактык парламенттин мүчөлөрүнө түздөн-түз тиешелүү болот.

- Биз буга чейинки кырдаалга сереп жасап көрдүк. Көбүнчө губернатор жана башкы прокурордун балдары бизнесте өтө активдүү экен. Ушунун негизинде мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатабыз.

Депутат кошумчалагандай, мыйзамдагы түзөтүүлөр президент тарабынан дайындалып жаткан жетекчилерге да тиешелүү болот. Мыйзам күчүнө киргенде аткаминерлердин жакын туугандары бизнеске аралашса, миллион рублга чейин айып төлөп, ээлеп турган кызматынан да четтетилет.

1-декабрда оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү фонду атайын иликтөөнү коомчулукка жарыялап, Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана анын үй-бүлөсү ири коррупциялык иштерге катышы бар болгонун аныкташкан. Интернетте жарыяланган тасмада Чайканын уулу опузалоого, рейдерлик басып алууга тиешеси болгону, Сергей Цяпканын криминалдык тобу менен байланышта экени айтылган.

Юрий Чайка бул иликтөөнү буйрутма катары баалап, аны Орусияда кылмыш иши козголгон британиялык ишмер Уильям Браудер каржылаганын айткан.

XS
SM
MD
LG