Ссылки доступа

Тажикстандын экономикасы кыйын кезеңди баштан кечирүүдө


Адистер 21-кылым башталгандан бери 2015-жыл тажик экономикасы үчүн оор болгонун белгилешүүдө. Ал эми алдыда мындан да кыйын абал күтүп турганын боолгоп жатышат.

Алардын баамында, 2008-2009-жылдарга салыштырмалуу азыркы каатчылык аябагандай эле сезилди.

Буга Орусиядагы экономикалык кырдаал, муну улай мигранттар которгон акчанын көлөмү азайганы түрткү болду. Мындан улам улуттук валютанын долларга карата наркы кескин төмөндөдү.Тажик бийлиги абалды жөнгө салуу үчүн антикризистик план иштеп чыккан. Эми Казакстан менен Азербайжанды туурап сомонини эркин кое бере турганы күтүлүүдө.

Орусиянын Борбордук банкы кабарлагандай, өткөн жылы тажикстандык мигранттар которгон акча 1 миллиард 54 миллион долларды түзгөн. Андан мурунку жылдары 3-4 миллиард долларга жеткен эле. Расмий маалыматка таянсак, Орусияда миллионго чукул тажикстандык жарандар иштейт.

XS
SM
MD
LG