Ссылки доступа

Кумтөрдө иштеген австралиялык адис сурак берүүдө


«Кумтөр оперейтинг компани» ишканасында иштеген австралиялык адис Майкл Макфит "улуттук баалуулуктарды басмырлады" деген негизде Каракол шаардык прокуратурада сурак берүүдө.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев Макфитти 2-январда “Манас” аэропортунда милиция кызматкерлери кармап, Караколго алып келишкенин билдирди.

Милиция бардык документтерди облустук прокуратурага өткөрүп бергенин, Макфиттин интернетке жазганы Кылмыш кодексинин “улут аралык, расалык, диний жана аймактар аралык алакага бүлүк салуу, улуттук баалуулуктарды басмырлоо” тууралуу 299-беренеге туура келерин маалымды. Бул берене боюнча үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

31-декабрда Кумтөр кенинде иштеген австралиялык адис Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган.

Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышканда Макфит жазган билдирүүсү үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG