Ссылки доступа

 Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан импорттойт


Өлкөнү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Кыргызстан коңшу Казакстан менен 100 мегаватт өлчөмүндө электр энергиясын импорттойт.

Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев 2-январдагы Токтогул ГЭСиндеги көчмө жыйында билдирди.

28-декабрда ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган.

30-декабрда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрди кабыл алып, электр энергиясын импорттоо үчүн келишимдерди түзүү ишин создуктургандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги кароону тапшырган.

XS
SM
MD
LG