Ссылки доступа

Кумтөрдүн кызматкери боюнча ишти ИИМ өзүнө алды


“Кумтөр” ишканасынын кызматкери Майкл Макфиттин айткандары боюнча документтер алгач УКМКга өткөрүлүп берилген эле.

“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын кызматкери, Британия жараны Майкл Макфитке карата иш козголо электигин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмил Салиев кабарлады. Анын айтуусунда, Макфиттин айткандары боюнча документтер алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилген. Азыр бул ишти облустук милиция кароодо.

31-декабрда Кумтөр кенинде иштеген австралиялык адис Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган. Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышкан.

2-январда “Манас” аэропортунан кармалган Макфит "улуттук баалуулуктарды басмырлады" деген негизде Каракол шаардык прокуратурада сурак берип, кайра бошотулган. Учурда облустук милиция анын коопсуздугун камсыздоодо.

Учурда Макфиттин айткандары боюнча иш козгоо маселеси каралууда. Азырынча кайсы берене менен иш козголору маалымдала элек.

Соцтармакка жарыяланып кеткенден кийин Макфит жазган билдирүүсү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG