Ссылки доступа

Ооганстанда Индиянын консулдугу чабуулга кабылды


Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы Индиянын консулдугунун алдында согушкерлер менен коопсуздук күчтөрдүн салгылашуусу уланууда.

Буга чейин эки жардыруу болгону кабарланган. Дипломатиялык өкүлчүлүккө чабуул 3-январдын кечинде башталган.

Балх провинциясынын бийлик өкүлү кол салгандардын мизи кайтарылганын, азыркы тапта террорчулар коңшу имаратта курчоого алынганын маалымдады. Окуяда кеминде бир карапайым жаран жабыркаганы айтылууда. Индиянын Ооганстандагы элчиси Амар Синха консулдуктун бардык кызматкерлери коопсуз жайда экенин “Твиттердеги” баракчасына жазды.

XS
SM
MD
LG