Ссылки доступа

"Газпром" Түркмөнстандан көгүлтүр от алуудан баш тартты


Орусиялык компания ушул айдан тарта Түркмөнстандан жаратылыш газын алууну токтотот.

"Түркмөнгаз" ишканасына бул тууралуу расмий кабар берилгени “Газпромдун” сайтында жарыяланды. Мындай чечимге эл аралык базардагы абалдын өзгөрүшү жана экономикалык, каржылык маселелер себеп экени айтылды. Соңку жылдары "Газпром" компаниясы Ашхабаддан жыл сайын 11 миллиард кубметрге жакын көгүлтүр от алып турчу.

Былтыр июлда Түркмөнстандын мунай жана газ министрлиги Орусия 2015-жылы акча төлөй албай калганын, буга глобалдык экономикалык каатчылык жана санкциялар түрткү болгонун билдирген. Түркмөнстан мурдагы советтик мейкиндикте жаратылыш газынын кени боюнча Орусиядан кийинки орунду ээлейт. Бул өлкө Кытай менен Иранды да көгүлтүр от менен камсыздайт.

XS
SM
MD
LG