Ссылки доступа

Кыргызстан чек араларды тактоо аракетин улантат


Кыргызстан 2016-жылы Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларын тактоо иштерин жандантат. Бул тууралуу 2015-жылдагы тышкы саясат боюнча жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген. Бишкек эки коңшу мамлекет менен бир канча жылдан бери чек араларды аныктоо боюнча бир бүтүмгө келе албай келатат. Буга өткөн кылымдагы ар кандай жылдарда даярдалган карталар себеп болууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 500 чакырымга жакыны такталбай турат. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын узундугу 1378 чакырым. Такталбаган бөлүгү 370 чакырымга жакын.

XS
SM
MD
LG