Ссылки доступа

Орусия аркылуу Украинадан товар ташуу токтоду


Украинанын Экономиканы өнүктүрүү министрлиги 4-январдан тартып орус тарап өз аймагы аркылуу украин товарларын өткөрүүнү толугу менен токтотконун жарыялады.

Расмий Киев бул чектөөлөрдү “акыйкаттык эмес, кысым” катары баалап, Москваны Дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы милдеттерин аткарбай жатат деп айыптап чыкты. 1-январда Орусия президенти Владимир Путин тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Анда украин товарларын орус жергеси аркылуу Казакстанга жеткирүү тартиби жазылган. Эми анын негизинде Украина жүктөрү Белорусиядан киргенде, санариптик навигациялык жабдык менен гана өткөрүлө турган болууда. Ошондой эле жүк ташуучулар идентификация каражаттарын колдонуусу шарт. 1-январда Орусия менен Украинанын ортосунда эркин соода аймагы тууралуу келишим да күчүн жоготкон.

XS
SM
MD
LG