Ссылки доступа

Эгей деңизине чөккөн ондогон мигранттын жасаты жээктен табылды


Грециянын Лесбос аралына чейин жетүүгө баратып, Эгей деңизинде кайык менен оодарылып кеткен кеминде 34 мигранттын жасаты жээктин эки жагынан табылды.

Түркиянын расмийлери алардын жасаты Айвалык жана Дикили жээктеринен табылганын билдиришкен. Алардын арасында аялдар жана балдар бар экени айтылат. Бул тууралуу кабарлаган "Доган" агенттиги мигранттар желим кайык менен сүзүп баратып, толкунга кабылып, оодарылып кеткен деп түкшүмөлдөйт.

Түркиянын жээк сакчылары тирүү калган мигранттарды издөө үчүн жөнөтүлгөн. Сууга чөккөндөрдүн арасынан сегиз адам куткарылган. Өткөн жылы 800 миңден ашуун мигрант деңиз аркылуу Түркиядан Грецияга өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG