Ссылки доступа

Иран жер алдындагы ракета кампасын ачыктады


Ирандын маалыматына караганда, заманбап баллистикалык ракета сакталган жер алдындагы жай “Эмад” деп аталат.

Буга чейин анын бар экени же курулуп жатканы белгисиз болчу. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аны ишке киргизүү аземи парламент спикери Али Ларижанинин катышуусунда өткөнүн кабарлашты. БУУнун эксперттери былтыр октябрда баллистикалык ракетаны сынап көрүү менен Коопсуздук кеңештин резолюциясын бузду деп Тегеранды сынга алышты.

АКШ “Эмад” ракеталарына байланыштуу Иранга жаңы санкциялар киргизилиши ыктымалдыгын эскертти. 5-январда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби азыр бул багытта иш жүргүзүлүп жатканын айтты. Күзүндө Тегеран ракеталар сакталган жер алдындагы дагы бир кампасын ачыкка чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG