Ссылки доступа

НАТО өз саясаты Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратпай турганын жарыялады


Associated Press агенттиги маалымдагандай, НАТОнун өкүлү Оана Лунгеску Кремлдин айткандарын четке какты.

Орусия НАТОну кеңейтүү жана бекемдөө аракети өз коопсуздугу үчүн коркунуч алып келерин билдирген. Мындай кооптонуунун негизинде улуттук коопсуздук боюнча стратегияны жаңылап, ага 31-декабрда президент Владимир Путин кол койгон эле.

Орус бийлиги Батыштын аракети Орусиянын кызыкчылыктарын коргоодо терс таасирин тийгизет, деген пикирди карманууда. Лунгеску шейшембиде мындай көз карашты негизсиз деп атады.

XS
SM
MD
LG