Ссылки доступа

Тажик президенти Ташкенге сапар менен барышы мүмкүн


Дүйшөмбү менен Ташкен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 2016-жылдын күзүндө Өзбекстанга боло турган сапары тууралуу сүйлөшүүдө.

Бул тууралуу Asia-Plus маалымат агенттиги билдирди. Бул маселе Дүйшөмбүдө декабрда өткөн саясий кеңешмелер учурунда талкууланган. Сапар сентябрдын башында ШКУга мүчө мамлекеттердин Ташкендеги саммиттинин алкагында болору айтылууда. 24-25-декабрда Тажикстандын баш калаасында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий сүйлөшүүлөр жүргөн. Эки өлкө мындай кадамга 1992-жылдан бери бара элек болчу.

XS
SM
MD
LG