Ссылки доступа

Арстанбапта диний экстремизмди колдогондор көп


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы таратып, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча экстремисттик жана террордук мүнөздөгү 19 кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

Бул кылмышка айыпталгандардын арасында мурда диний экстремизм боюнча соттолгондор бар, Арстанбап айлындагы үйлөрдү тинтүү учурунда диний-экстремисттик адабияттар, курал-жарактар табылган, деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын 30-31-декабрында облустук ички иштер башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгы менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция өткөрүшкөн. Арстанбап айыл аймагындагы төрт үй тинтүүгө алынган. Буга нааразы болгон арстанбаптыктар 4-5-январда митингге чыгышкан.

XS
SM
MD
LG