Ссылки доступа

Өзбек бийлиги 700 жылдык мунараны бузбай турган болду


Декабрда “Азаттыктын” өзбек кызматы Анжыян шаарында жайгашкан 700 жылдык мунара бузулуп, ордуна фонтан куруу максат кылынып жатканы тууралуу макала жазган.

Мындай кадамга жергиликтүү тарыхчылар жана активисттер каршы чыгышкан.

Макала чыккандан кийин Анжыянга адистерден жана аткаминерлерден турган атайын өкмөттүк комиссия жиберилген. Маданият жана спорт боюнча министрликтин алдындагы Маданий мурастарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдусафий Рахмоновдун айтымында, комиссия мунараны ордунда калтыруу чечимин кабыл алды.

Азыр «Жами» тарыхый-архитектуралык комплексинин жанында илинген фонтандын үлгүсү да алынды.

XS
SM
MD
LG