Ссылки доступа

Коопсуздук кеңеш Түндүк Кореяны кескин сындады


БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сынаганын кескин айыптады.

Пхеньян кечээ суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялагандан кийин Коопсуздук кеңеш чукул жыйын курду. Анын мүчөлөрү Түндүк Корея тиешелүү резолюцияны бузуп, дүйнөгө жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын белгилешти. Буга байланыштуу санкцияларды киргизүү аракети токтооосуз баштала турганы жарыяланды. Ядролук сыноо тууралуу маалымат ырасталса, анда Түндүк Корея 2006-жылдан бери төртүнчү жолу мындай кадамга барган болот.

Бирок эксперттер жарылуу күчү суутек бомбасынын кубатына жеткенинен күмөн саноодо. Түндүк Кореянын суутек бомбасын сынаганы тууралуу жарыясынан соң дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү муну айыптап чыгышты. Аталган өлкө эл аралык эрежелерге баш ийбей 2013-жылы да өзөктүк сыноо жүргүзгөндөн кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши санкцияларды дагы катаалданткан эле.

XS
SM
MD
LG