Ссылки доступа

Орусия Түркиянын айыптоосун четке какты


Орусия түркиялык “Пегасус” компаниясынын өкүлдөрүнө виза берүүдөн баш тартып жатат, деген маалыматты четке кагууда.

Буга чейин Түркиянын Унаа министри Бинали Йылдырым орус тарап эл аралык жоболорду бузуу менен каттамдары 13-январга чейин токтотулган аталган аба компаниясынын мүчөлөрүнө виза ачпай жатканын жарыялаган болчу. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо Стамбулдагы консулдукка 6-январда гана визага байланыштуу арыз келип түшкөнүн айтууда. Ошондой эле 14-январга чейин Орусиядагы ишмердиги токтоп турган Onur Air компаниясы өз кызматкерлерине виза сурай электигин маалымдады.

Орусия 1-январдан тарта Түркия менен визасыз каттамды жокко чыгарган. Буга Түркия Сирия менен чектеш аймакта орусиялык согуштук учакты атып түшүргөнү негиз болгон.

XS
SM
MD
LG