Ссылки доступа

Түркия Орусияны авиация эрежелерин бузду деп айыптады


Түркиянын Унаа министри Бинали Йылдырым “Пегасус” аба компаниясынын кызматкерлерине виза берилбей жатканын айтып, орус тарапты “өзү билемдик” кадамдарга барууда, деп сынга алды.

Бул тууралуу Reuters кабарлайт. Шейшембиде Pegasus Airlines компаниясы Орусия виза бербей жатканына байланыштуу каттамдарды 13-январга чейин токтоткон. Түркия 24-ноябрда аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн алакасы кескин курчуп кетти. Тараптар ошондон бери бири-бирин айыптап келет. Москва бул окуядан соң Түркияга карата бир канча экономикалык санкцияларды киргизип, визасыз каттамды да токтоткон.

XS
SM
MD
LG