Ссылки доступа

Киев жикчилдерди мунасаны бузду деп айыптоодо


Украин аскерлери кечээ кечинде жикчилдер өлкөнүн чыгышында ок атышууларды токтотуу келишимин бир нече жолу бузганын жарыялады.

Алардын билдирүүсүндө, эң көп ок атуулар Горлов-Светлодарда болгон. Ошондой эле Троицк, Луганск, Миронов, Новгороддогу Зайцево райондорунда жайгашкан өкмөттүк аскерлер тарапка да ок атылган. Донбасстагы украин аскерлеринин штабы Майор районунда жайгашкан өкмөттүк күчтөр да бутага алынганын маалымдады.

«Украин чындыгы» басылмасы жазып чыккандай, миномет жана гранатометтордун добушу жарым сааттан ашык убакытка созулду. Жаңы жыл майрамдарында жана Рождество учурунда ок атууну токтотуу жөнүндөгү келишим 22-декабрда күчүнө кирген. Макулдашуу Минскиде Орусия, Украина жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө жетишилген. Ошого карабай жыл жаңыргандан тарта эле эки тарап бири-бирин мунасаны бузду деп күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG