Ссылки доступа

АКШ: Түндүк Корея суутек бомбаны сынаганы тууралуу эч далил жок


БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча резолюциянын долбоорун ортого салды.

АКШ анын өзөктүк куралды сынаганы далилдене электигин билдирди. Ак Үйдүн өкүлү Жош Эрнест Пхеньян суутек бомбасын сынаганын жарыялаганы менен муну тастыктай турган далилдер жок экенин айтты. Ошол эле учурда ар бир өзөктүк сыноо БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно түрдө бузууга жатат, деген пикирин кошумчалады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да бул аракетти айыптап, бул жагдай аймактагы коопсуздукка чон коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн четке каккан жок. Жапониянын Тышкы иштер министри Фумио Кисида Пхеньяндын аракетине каршы токтоосуз чара көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG