Ссылки доступа

АКШ: ИМдин мунай өндүрүшү кыскарды


Сирия менен Иракта өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко каршы күрөшүп жаткан эл аралык коалиция аскердик-аба операциялардын жыйынтыгында согушкерлер көзөмөлдөгөн аймакта мунай өндүрүү 30 пайызга кыскарганын жарыялады.

Коалициянын басма сөз катчысы, Американын Аба күчтөрүнүн полковниги Стивен Уоррендин айтуусунда, соңку үч айдагы 65 аба соккусунда мунай кендери бутага алынды. Мунун натыйжасында мунай өндүрүшү күнүнө 45 миң баррелден 34 миң баррелге кыскарды. Террорчулар Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерин каржылоо үчүн мыйзамсыз мунай сатуу менен алектенип келет.

Октябрда АКШ аба соккуларынын тартиби өзгөрө турганын жана террорчулукту каржылоону токтотуу максатында жаңы иш-аракеттер жүргүзүлөрүн жар салган. Уоррен өткөн айдагы бомбалоолордон “Ислам мамлекетинин” 2500гө чукул согушкери жок кылынганын кошумчалады. Экстремисттердин жалпы саны 20-30 миң адам деп болжолдонууда. АКШ башында турган эл аралык коалиция буга чейин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ирак менен Сирияда басып алган аймагынын үчтөн биринен кол жууганын кабарлаган эле. Аталган уюмдун Иракта басып алган аймагынын 40, Сирияда 20 пайызы кайтарылды.

XS
SM
MD
LG