Ссылки доступа

Мунай баасы дагы арзандады


Акыркы 11 жыл ичинде мунайдын дүйнөлүк баасы эң төмөнкү чекке жетти.

Benchmark Brentте мунайдын баррели бүгүн 35 доллар 7 центке бааланды. Бир күндө баа кескин арзандап, 2004-жылдын июлундагы көрсөткүчкө теңелди. АКШ мунайынын наркы 35 доллар 9 цент болду. Буга Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаганы таасир эткени айтылууда. Ошондой эле баанын арзандашына Сауд Арабияда шиит динаятчысынын өлүм жазага тартылышына байланыштуу араб дүйнөсүндө жаралган нааразылыктар да түрткү болду.

Байкоочулар жогорудагы окуядан улам келип чыккан Иран менен Сауд Арабиянын алакасынын солгундашынан улам дагы арзандоолор болорун болжоп жатышат.

XS
SM
MD
LG