Ссылки доступа

Казакстан мамлекеттик мүлктөрдү сатыкка койду


Менчиктештирүүнүн себеби теңгенин куну түшкөндөн жана дүйнөдө металл менен мунайзат баасынын төмөндөгөнү менен байланыштуу.

Бийлик бюджеттеги тансыктыкты толтуруу аракетин көздөп жатканын айтууда. 30-декабрда казак өкмөтү менчиктештириле турган компаниялардын тизмесин бекиткен. Алардын арасында "Казатомпром","КазМунайГаз", "Казпочта", "Эйр Астана", Qazaq Air, “Казактелеком", “Актоо эл аралык деңиз соода порту”, "КазАгро" улуттук башкаруучу холдинги, KEGOC, "Хоргос", КТЖ, Казкосмос, Астана, Костанай, Петропавлов, Кызыл-Ордо аба майдандары да бар. Ошону менен бирге тизмеге "СК-Фармация", "Самрук-Энерго", "Казакстан инжиниринг", "Казахавтодор", Ички иштер министрлигинин бир нече санаторийлери, “Казакфильм” киностудиясы, "Бобек" ден-соолук чыңдоо борбору жана Астанадагы "Думан" эс алуу борбору кирген.

Токтом улуттук экономика министрлигинин сайтында жарыяланган. Октябрда Казакстан биринчи жолу расмий түрдө 3 мунай иштетүүчү завод да толук же жарымы сатылышы мүмкүндүгүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG