Ссылки доступа

Netflix видеосервиси Кыргызстанда да иштей баштады


Америкалык Netflix стриминг видеосервиси өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңейтип, дагы 130 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда ишке киришти.

Бул тууралуу 6-январда Лас-Вегаста өткөн Consumer Electronics Show (CES) технологиялык көргөзмөсүндө компаниянын башчысы Рид Хастингс маалымдады.

Анын айтуусунда, кызматтын кеңейиши дүйнөдөгү кардарларга – Сингапурдан Санкт-Петербургга, Сан-Францискодон Сан-Паулуга чейин бир эле мезгилде шоу жана тасмаларды токтоосуз көргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган кызмат буга чейин 17 тилде иш алып барса, эми кытай, корей, арабча бөлүктөр менен да толукталды. Жаңы кошулган 130 өлкөнүн арасында Борбор Азиянын бардык мамлекеттери жана Крымдан тышкары Орусия дагы кирген. Биринчи айда сервиске жазылуу бекер болот. Андан кийин 5 доллардан 20 долларга чейин акы төлөнөт. Netflix 2007-жылы негизделген. АКШ жана Канададан тарта, 60 өлкөгө жайылган. Алардын арасында Латын Америка, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония да бар.

XS
SM
MD
LG