Ссылки доступа

Германия былтыр миллиондон ашуун мигрант кабыл алды


Германиянын ички иштер министрлиги 2015-жылдын январынан декабрына чейин өлкөдө 1,1 миллионго жакын бозгун-мигрант катталганын жарыялады.

Алардын 40 пайызы, же 428 468и Сириядагы согуштан качып чыккандар. Германиядан баш паанек алууну каалагандардын кийинки сабында ооганстандыктар менен ирактыктар турат.

Жалпысынан 2015-жылы өлкөгө мигранттар мурдагы жылга салыштырмалуу беш эсе көп кирген. Германия Европанын эң күчтүү жана байгер өлкөлөрүнүн бири. Ошон үчүн качкындардын көбү ушул өлкөнү байырлагысы келет.

Мигранттардын агылып кириши өлкө калкынын арасында ача пикирлерди пайда кылды. Калктын бир тарабы канцлер Ангела Меркелди качкындарга карата "ачык эшик" саясаты үчүн сындап келет.

XS
SM
MD
LG