Ссылки доступа

Германиядагы сексуалдык кылмыштарга катышы бар качкындар чыгарылат


Германиянын юстиция министри өлкөнүн аймагынан баш калка издеп келип, жаңы жыл алдында аялдарга тийиштик кылган адамдар табылса, алар кайра артына кайтарыла турганын айтты.

Ал эми анын айтымында, Кёлн шаарында жаңы жыл алдындагы аялдарга кол салгандар мыйзамдын чегинде жазаланат.

Буга чейин Германиянын Кёлн жана Гамбург шаарларындагы сексенден ашуун аял 1-январга караган түнү карактоого жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгонун айтып, полицияга даттанган. Алардын арасынан бирөө зордукталганы катталган.

Полиция күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянып, кол салгандардын кебете-кешпири Жакынкы Чыгыштан жакында качкын болуп келген адамдарга окшош экенин билдирген. 2015-жылы Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан эана Ооганстандан бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант Европага кирген.

XS
SM
MD
LG