Ссылки доступа

Ливиядагы жардыруудан мерт болгондордун саны 65ке жетти


Злитан шаарындагы полициячыларды даярдаган борбордо жардыруу болгон учурда жүздөгөн жаңыдан кызматка алынгандар болгону такталды.

Такталган маалыматтар боюнча жардыруудан 65 адам мерт кетип, жүздөй адамдар жараат алган. Бул теракт 2011-жылы Муаммар Каддафинин режиминен кийинки эң кандуулардан болуп эсептелет.

Террористтер полициянын машыктыруу борборуна жакын жерге ичине жардыруучу зат толтурулган автоунааны токтотуп, ал бир учурда сырттан жардырылганы кабарланды. Бул жардырууга жоопкерчиликти азырынча эч кайсы уюм өзүнө ала элек. Буга өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы болжолдонууда. Ливияда аталган террордук топтун таасири күндөн-күнгө өсүп барат.

XS
SM
MD
LG