Ссылки доступа

АКШда өзбекстандык качкын соттолду


Америкада өзбек качкыны Фазлидин Курбанов аскердик академияга кол салууну максат кылган деген айып менен 25 жылга эркинен ажыратылды.

Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин мекенине депортацияланат.

Мындай өкүмдү сот бейшембиде чыгарды. Соттолуучу АКШнын аймагында жихад уюштурууну көздөгөнү аныкталганын судья Эдвард Лож билдирди. Анын айтуусунда, Курбанов 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай бомбаны жардырууну ниет кылган.

Фазлиддин Курбанов Америкада жүк ташуучу унаа айдачу. 2009-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен. Ал террорчулук боюнча өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке какты. Анткен менен айыптоочу тарап анын “Өзбекстан ислам кыймылы” экстремисттик уюму менен байланышы бар экенин, АКШнын аскердик объектилерин жардырууну максат кылганын айтууда.

XS
SM
MD
LG