Ал Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Зариф Иран өз милдеттерин мүмкүн болушунча тез арада аткарууну көздөп жатканын айткан. Буга жооп иретинде Жон Керри Америка дагы мындай кадамга даяр экенин белгилеп, Тегерандын аз байытылган урандын корун Орусияга жибергенин кубаттаган.
Иран менен алты державанын ортосундагы өзөктүк макулдашууга былтыр июлда кол коюлган. Расмий Тегеран эл аралык санкциялар алынса, өзүнүн өзөктүк программасын кыскартууга макул болгон.