Ссылки доступа

Казакстандык талант Орусияны суктандырды


Скриптонит Адил Жалелов Орусияда “Жылдын рэпери” деп табылды.

Павлодардык музыкантты буга чейин эч ким деле билчү эмес. Бир жыл ичинде орус рэп жанрындагы чыгармалары менен белгилүү болду.

25 жаштагы рэпер азыр Москвада жашайт. Былтыркы жыл ичинде өз таланты менен жылдын мыктысы аталды. Ал орус рэпине жаңыча багыт менен келди деп бааланууда.

Эми анын «Махабат» аттуу чыгармасы “Жылдын эмгеги” номинациясына ат салышмакчы. Добуш берүү 18-январда башталат.

XS
SM
MD
LG