Алмата облусунун Турар айылында Өзбекстандын 10 жараны иске ууланганын «Казакстан жаңылыктары” маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаал министрлигине таянып маалымдады.
Алардын бешөө каза тапкан, арасында 2 бала бар. Дагы 5 адам Каскелендеги ооруканага жеткирилди. Окуя 2-январда болгон. Уулануунун чоо-жайы иликтене баштады.