Ссылки доступа

Түркия Кыргызстанга виза эрежесин киргизет


Виза режими киргизиле турган 89 өлкөнүн арасында Кыргызстан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Тажикстан жана башка өлкөлөр бар.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине таянып түрк маалымат булактары жазып чыгышты.

Евробиримдик менен кол коюлган келишимге ылайык, 2016-жылдын июнь айынан тартып, Түркия Евробиримдикке мүчө эмес мамлекеттердин жарандары үчүн виза тартибин киргизет.

Бул Евробиримдиктин талабы деп айтылууда, анткени, 2016-жылы күзүндө Түркия биримдикке мүчө өлкөлөр менен жеңилдетилген виза тартибине өтмөкчү.

Буга чейин Түркия чет элдик туристтерди тартыш үчүн көптөгөн өлкөлөр менен визасыз режимди колдонуп келгени маалым.

XS
SM
MD
LG