Ссылки доступа

Өзбекстанда диний негизде камакка алынгандардын саны 13 миңге жетти


Бул тууралуу   Өзбекстандын көз карандысыз  укук коргоочулар  тобунун былтыркы жылга карата жарыялаган баяндамасында айтылат.

Укук коргоочу Сурат Икрамов маалымдагандай, 2002-жылдан баштап азыркы убакытка чейин диний негизде абакка кесилгендердин саны 13 миңге чукулдаган.

Алардын жаза мөөнөтү бүткөн соң бийлик “абактагы ички тартипти бузган” деп айыптар менен дагы узартып салышат.

“Диний жүйөө менен соттолгон адамдар Конституция күнүнө карата жыл сайын парламент тараптан жарыяланган мунапыска кошулбайт”, - дейт укук коргоочу.

Абактагылардан көпчүлүгү Өзбекстанда диний-радикалдык топторго тиешеси бар деген күнөө менен соттолгон. Алардын арасында «Хизб-ут-Тахрир» жана «Нуржилар» аттуу экстремисттик топтордун өкүлдөрү да жок эмес.

Былтыр Өзбекстанда өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган эктремисттик уюмга катышы бар деген айып менен жүздөгөн адамдар соттолгон. Байкоочулардын пикиринде, жапырт жумушсуздук жана кысымдын айынан көптөгөн адамдар өлкөдөн качып, Сирия менен Иракта согушуп жаткан террордук топко кошулуп кетүүгө аргасыз болууда.

XS
SM
MD
LG