Ссылки доступа

 Исламабадда Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөр башталууда


Исламабадда Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытайдын ортосунда сүйлөшүүлөр болот.

Анда Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү маселеси талкууланат. Төрт мамлекеттин жогорку даражалуу өкүлдөрү расмий Кабул менен “Талибан” кыймылынын түз сүйлөшүүлөрүнө жол ачары күтүлүүдө.

Ооган өкмөтүнүн маалымат катчысы Жавид Файсал кездешүүдө тынч сүйлөшүүлөрдүн механизми талкуулана турганын France-Presse агенттигине билдирди. Анын айтуусунда, Пакистан Кабул менен 15 жылдык согушка чекит коюу боюнча сүйлөшүүлөргө бара турган козголоңчу талибдерди тааныштырат. Ошол эле маалда Исламабад Пакистандын аймагында жайгашкан талибдерди каржылоону токтотууга, алардын Ооганстанга ооп кетүү жолдоруна бөгөт коюуга макул болгонун кошумчалады. Кабул көптөн бери Ооганстандагы талибдерге тымызын колдоо көрсөтүп жатат деп Пакистанды айыптап келет.

XS
SM
MD
LG